Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Обама конгрессмендерди улуттук рухту бийик сактоого чакырды


Президент Барак Обама америкалык конгрессмендерди Усама бин Ладендин өлүмүнөн кийин улуттук рухту сактоо аракетин токтотпой уланта берүүгө үндөдү. Барак Обама 2-майда Ак Үйдө Конгресс лидерлерине берилген сый тамак маалында сүйлөп, 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан соң америкалыктарда биримдик сезими күчтүү болгонун эске салды: “Менин оюмча, бизде биримдик сезими 11- сентябрь окуяларынан кийин курчуган болчу. Биз ошондо өз өлкөбүз үчүн сыймыктанып, партия жана саясатчылар жетпеген биримдикке жете аларыбызды көрсөткөнбүз.”

Вашингтон мүмкүн болчу өч алуу чабуулдарынан улам Пакистандын борбору Исламабаддагы элчилигин жана үч шаардагы консулдугун убактылуу жапты.

Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши эл аралык коомчулукту терроризмге каршы күрөштү күчтөндүрүүгө үндөп, “ал-Кайиданын” дүйнө өлкөлөрүндө уюштурган террордук чабуулдарды “наамарттык” деп атады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG