Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

"Замандаштын" лидери кырсыктан каза тапканы кабарланды


Кыргызстанда "Замандаш" саясый партиясынын лидери Мухтарбек Өмүракунов Кубада эс алып жүргөндө каза тапканы тууралуу бир катар жергиликтүү агенттиктерде кабарланды. Анын жардамчыларынын бири Акыл Сейитов маалымат агенттиктерине Өмүракунов менен бирге болгон адамдар бул каргашалуу кабарды билдиргенин айтып, бирок кандай жагдайда каза тапканы тактала электигин айткан. 46 жаштагы Мухтарбек Өмүракунов Орусиядагы жана Казакстандагы кыргыз диаспораларын жетектеген.

Анын 7 баласы бар деп айтылууда.

XS
SM
MD
LG