Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

АКШ Кыргыз өкмөтүнүн түштүктөгү аракеттерин колдойт


АКШнын Мамлекеттик департаменти былтыр июнда Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуяларды иликтеген эл аралык комиссиянын корутундусуна байланыштуу билдирүү жасады. "2010-жылдын июнь айында болгон кайгылуу окуяларды ар тараптан жана объективдүү түрдө изилдеп аңдоо жарашуу процессин жүргүзүү жана келечекте андай кагылышууларды алдын алуу үчүн өтө маанилүү", - делинет Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Марк Тонер тараткан документте.

Кошмо Штаттары Кыргыз бийлиги Эл аралык комиссиянын айрым сунуштарын ишке ашыруу үчүн көрө баштаган кадамдарын кубаттап, элдешүүгө көмөктөшүү, зомбулукту алдын алуу жаатында мындан ары чара көрүүгө үндөдү. АКШ Кыргызстан өкмөтүнүн түштүктөгү кырдаалды жөнгө салуу жана кайра куруу аракеттерин колдоону улантат, - деп айтылат Мамдептин билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG