Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Пакистан бин Ладенди жок кылуу боюнча операция жөнүндө билген эмес


Пакистан Усама бин Ладендин жок кылынышына алып келген операция жөнүндө алдын ала кабардар кылынбаганын айтып, анын “санкциясыз” өткөрүлгөнүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Пакистан өкмөтү "ал-Кайиданын" лидери Усама бин Ладенди жок кылуу боюнча операция америкалык аскерлердин Пакистандагы акциялары үчүн “прецедент болбошу керек” деп белгиледи.

Президент Асиф Али Зардари ал рейд Пакистан менен бирге жүргүзүлбөгөнүн ырастоодо. "Ал-Кайиданын" лидери Усама бин Ладен жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү Исламабаддан алыс эмес жердеги үйүнөн өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG