Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

АКШ Сирия өкмөтүнүн репрессияларын айыптады


Кошмо Штаттары Сирия өкмөтүнүн демонстранттарга каршы репрессивдүү чаралар көрүлүп жатканын айыптады. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Марк Тонер Дераа шаарында өткөрүлгөн аскерий операцияларды, демонстранттардын камакка алынышын, калаада электр жарыгы менен коммуникациялардын өчүрүлүшүн сындады. Тонер бул чараларды “варвардык” деп сыпаттады.

Укук коргоочулардын ырастоосунда, армия жана коопсуздук кызматтары Банияс портун курчоого алышты. Эл аралык "Кызыл чырым" уюму жарадар болгондорго жана камалгандарга тезинен жардам көрсөтүү керектигин айтууда. Дераа шаарындагы өкмөткө каршы чыгуулар марттын ортосунда башталган. Кечээ да Сириянын ар кайсы жерлеринде камакка алуулар уланды.

XS
SM
MD
LG