Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Баткенде аскер кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча курулат


Президенттин маалымат кызматы тараткан кабарга ылайык, 3-майда мамлекет башчысы Роза Отунбаева аталган аймактагы офицерлердин жашоо-турмушу менен таанышты. Ошол учурда өлкө башчысынын демилгеси менен аскер кызматкерлеринин балдары үчүн жакын арада бала бакча куруу иштери башталаары кабарланды.

Президент жаңы курулуп жаткан “Чарбак” чек ара бекетинин пайдубалын курууга катышты. Мамлекет башчынын Бужум айылынын тургундары менен жолугушкан учурунда жаңы курула турган чек ара бекетинин мааниси, ичүүчү суунун тартыштыгы, айлампа жолду тез арада бүткөрүү тууралуу маселелер көтөрүлдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG