Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:16

Ошто террорчулукка каршы машыгуулар өтүп жатат


Ош облусунда Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин Террорго каршы борборунун жетекчилиги алдында “Түштүк-Антитеррор-2011” деп аталган машыгуу өтүп жатат.

Иш-чарага Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн колбашчысы, президент Роза Отунбаева, КМШ жана ШКУнун терооризмге каршы түзүмдөрүнүн жетекчилери байкоо салууда.

Кабарчыбыздын мааымдашынча, президент өз сөзүндө өлкөдө террор коркунучу бар экенин, бирок ага каршы сокку урууга күч жете турганын айтты. Бул машыгуудан соң Кыргызстандагы күч структуралардын жана тиешелүү министрлик-мекемелердин террорчулукка каршы биргелешип аракет көрүүсүнүн эреже-ыкмалары иштелип чыкмакчы. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG