Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Түштүктү калыбына келтирүүгө 1 миллиарддан ашык сом жумшалды


Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы июнь окуяларынан кийинки он айдын ичинде талкаланган турак-жай имараттарды куруп оңдоого 1 миллиард сомдон ашык каражат жумшады. Дирекциянын маалымат кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов быйыл 2 миллиард 300 миң сомдук иш жасоо каралып жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул каражатка 25 көп кабаттуу үй, бир канча турак-жай, 2 мектеп курулат, эки унаа жолу жана айрым социалдык объекттер оңдолмокчу. Июнь коогасында түштүктө эки миңден ашуун турак-жай жабыркаган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG