Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Панетта: Усама бин Ладендин сүрөтү жарыяланат


Усама бин Ладендин жасатынын фотосүрөтү жакында жарыяланат.
АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын (CIA / ЦРУ) директору Леон Панеттанын билдиришинче, бул боюнча акыркы чечимди Ак Үй кабыл алат.
Президент Барак Обаманын кеңсеси “ал-Кайиданын” башчысынын кандайча жок кылынганын жарыя кылды. Ак Үйдүн өкүлү Жей Карнейдин айтышынча, атайын иш-чара өткөрүлүп жаткан маалда Усама бин Ладен куралсыз болгон, бирок аскерлерге каршылык көрсөткөнү үчүн атып салынган.
Кошмо Штаттар ошол эле учурда бин Ладенди тутууга Пакистан кандай жардам бергенин азырынча жашыруун сыр бойдон калтырууну чечти.

XS
SM
MD
LG