Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы ыктыярчысы камалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” кабарлаган акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлү Алима Аманованын айтымында, акыйкатчынын облустагы өкүлчүлүгүнүн ыктыярчысы, укук коргоочу Молдосали Ибраимовду камакка алууга Ноокен районунун судьясы Шааркан Абдуллаева санкция берген.

Ибраимов 2004-жылы сузактык Дилмурат Касымов деген адамды үй-бүлөсү менен үйүнөн кууп чыккан деп айыпталып жатканын “Азаттыкка” кабарлады. Ибраимов 2009-жылы Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн төрт кызматкерине каршы зомбулук кылган деп козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүүдө жабырлануучу тараптын жактоочусу болуп жүргөнүн Аманова белгиледи. (EBM)

XS
SM
MD
LG