5-май - Кыргызстан Конституциясынын кабыл алынган күнү. Буга байланыштуу Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда президент Роза Отунбаева баш болгон мамлекет жетекчилери, депутаттар, министрлердин катышуусунда иш-чара өтмөкчү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстан эгемендүүлүк алып, өз алдынча мамлекет болгондон кийин 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент тарабынан Конституция кабыл алынган. Ал эми Кыргыз ССРинин 1978-жылы кабыл алынган Конституциясы өз күчүн жоготкон. Баш мыйзам кабыл алынган 18 жыл аралыгында 8 жолу өзгөртүүгө дуушар болду. Айрым саясатчылар 1993-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга кайтып келүү зарылдыгын да белгилеп жүрүшөт.
Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктап, “2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган жаңы Конституциянын жоболорунда Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуучу бардык шарттар чагылдырылбай калышы ыктымал. Ошентсе да мамлекеттик бийликтин бардык бутактарын түзүүгө жол ачып, өлкөнү укуктук аймакка кайтарып келди” - деп билдирди. Ушундай эле куттуктоосун ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков да жолдогон. (КЕ)