Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

7-апрелде эки бутунан айрылган милиция кызматкери үйлүү болду


Алмаз Акчакеев (ортодо)
Алмаз Акчакеев (ортодо)
Апрель ыңкылабында Ак үй алдында жараат алып, эки бутунан айрылган милиция кызматкери Алмаз Акчакеевге кечээ Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев эки бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын кызматкери, милициянын майору Таалай Бугубаев билдирди.

7-апрелде Ак үй алдындагы элдик толкундоолор учурунда 87 адам набыт болуп, ондогон адамдар ар түрдүү жараат алган. Алардын айрымдарына үйдүн ачкычын президент Роза Отунбаева 7-апрель күнү тапшырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG