Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Президент Конституциядагы алешемдиктерди белгиледи


Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Конституция күнүнө карата салтанаттуу жыйын өттү.
Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Конституция күнүнө карата салтанаттуу жыйын өттү.
Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Конституция күнүнө карата салтанаттуу жыйын өтүп жатат. Ага президент Роза Отунбаева баш болгон өлкө жетекчилери, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү жана саясий-коомдук ишмерлер катышууда.

Жыйында президент Роза Отунбаева сөз сүйлөп, азыркы Баш мыйзам алгач кабыл алынгандан тарта эчен өзгөрүп, мунун баары мурдагы президенттердин бийлигин күчтөндүрүү үчүн жасалганын эскерип, анын арты Апрель ыңкылабы менен аяктаганын айтты.

"Азыркы Баш мыйзам бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулукту орнотуп, башкаруунун бир колго топтолушуна бөгөт койгону менен кемчиликтер да байкала баштады", дейт Отунбаева. Өлкө башчынын айтымында, азыркы Баш мыйзамда ички жана тышкы саясатты ким аныктаары түшүнүксүз бойдон калган. Бир катар беренелердеги чала түшүндүрүлгөн жерлери ар кандай бурмалоолорго алып келиши мүмкүн. Президент азыркы Конституция өзгөртүүлөргө, толуктоолорго муктаж экенин белгиледи.

Эгемен Кыргызстан алгачкы Конституцияны 1993-жылы 5-майда кабыл алган. Ошол жылдан ушул күнгө чейин Баш мыйзам сегиз жолу өзгөргөн болчу. Учурдагы Баш мыйзам былтыр 27-июлда референдумда кабыл алынган. Анда 10 жылга чейин бул Конституцияны өзгөртпөө тууралуу берене жазылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG