Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы ыктыярчысы үй камагына чыгарылды


Бүгүн Ноокен райондук соту акыйкатчынын Жалал-Абаддагы ыктыярчысы, укук коргоочу Молдосали Ибраимовду ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгаруу тууралуу жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова билдирди. Ибраимовду кечээ Ноокен райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери камакка алган болчу.

Укук коргоочу 2004-жылы сузактык Дилмурат Касымов деген адамды үй-бүлөсү менен үйүнөн кууп чыккан деп айыпталып жатканын “Азаттыкка” кабарлады. Ал 2009-жылы Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн төрт кызматкерине каршы зомбулук кылган деп козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүүдө жабырлануучу тараптын жактоочусу болуп жүргөн экен. Бул ишти Сузак райондук соту кечээ, 4-майда карап, милиция кызматкерлерин актаган чечим чыгарды. (EBM)

XS
SM
MD
LG