Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Иракта бомба чабуулунда 16 киши набыт болду


5-майда Ирактын ортолугундагы Хилла шаарында унаага коюлган бомба жарылып, кеминде 16 киши жан берди, 40тан кем эмес адам жарадар болду. Бийликтердин айтышынча, жанкечти бомба катылган унаа менен шаардык полициякананы барып сүзгөн. Жардыруудан полицияканага удаалаш жайгашкан бир нече имарат да катуу зыян тартканы маалымдалды.

Хилла - Ирактын байтакты Багдаддан 100 чакырымдай түштүктөгү шаар.

XS
SM
MD
LG