АКШ жана Италия Сириядагы өкмөткө каршы демонстрациялардын катышуучуларына каршы зобун-зордукту тезинен токтотууга чакырышты. Эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери - Хиллари Клинтон жана Франко Фраттини 5-майда Римдеги маалымат жыйынында президент Ассаддын өкмөтүн оппозиция менен “токтоосуз сүйлөшүүгө барууга тийиш” деген пикирлерин да айтышты.
“Биздин өлкөлөрүбүз Сирия өкмөтүн өз элине каршы зобун-зордукту тез токтотууга чакырып, эл аралык коомчулукка өз үнүн кошот. Өткөн аптада эле БУУнун Адам укугу боюнча кеңеши коогалаңды айыптады жана жагдайды иликтөө үчүн Сирияга өз миссиясын жөнөтүүдө”,-деди Хиллари Клинтон.
Сириянын аскерлери өлкө түштүгүндөгү Дераа шаарынан чыгарыла баштаганы маалымдалды. Өкмөткө каршы козголоңдун бешиги болгон Дераа 25-апрелден бери камоодо болчу.
Сириядагы алты аптадан берки толкундоолордо 560тан кем эмес адам набыт болгону кабарланууда.