Түркия былтыр Адам укуктары боюнча Европа конвенциясын бузганы үчүн баарынан көп айып пул төлөгөн. Адам укуктары боюнча Европа сотунун жылдык докладына караганда, 2010-жылы Түркия негизинен күрттөрдүн арыздарынын негизинде 25 миллион евро айып төлөгөн.
Экинчи орундагы Румыния жана Орусия 7,4 миллион евродон айып төлөшкөн. Италия 6 миллион евро, Португалия 5 миллион еврого айыпка жыгылган.
Адам укуктары боюнча Европа соту жеке адамдардын арыз-дооматтарын карап, улуттук өкмөттөрдү келтирген зыяны үчүн компенсация төлөттүрөт.