Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

Ливиядагы козголоңчуларга жардам берүү фонду түзүлөт


Ливиядагы козголоңчуларга жардам берүү фонду жакын арада иштей баштайт. Франциянын тышкы иштер министри Алэн Жюппе Ливия боюнча байланыш тобунун Римдеги жыйынында билдиргендей, өлкөнүн чет жактардагы банктарда тоңдурулган эсептерин колдонуу маселесин чечүүгө убакыт талап кылынды.

Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг жыйындан кийин Триполи өкмөтүнө кысым күчөтүлөт деп билдирди. Муаммар Каддафинин бийлиги болсо дүйнө Римде чогулган адамдарды эмес, Ливияда жашаган уруулардын ой-пикирлерине кулак салышы керек деген жообун кайтарды.

Каддафинин аскерлерине каршы күрөшүп жаткан козголоңчулардын ырастоосунда, жаңжалда 10 миңдей киши набыт болду. НАТОнун 7 аптадан бери уланып келаткан аба соккулары армиянын көтөрүлүшчүлөргө каршы чабуулдарын токтото албады. Ливия боюнча байланыш тобу өткөн айда Катардагы конференцияда түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG