Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

Кыргызстанда футбол боюнча республикалык чемпионат өтөт


7-майда Кыргызстанда футбол боюнча республикалык чемпионаттын төртүнчү айлампасы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорт майданында “Алга” жана “Абдыш-Ата” командалары күч сынашат. Кочкор-Атада “Нефтичи” командасы “Ысык-Көл” менен беттешет, ушул эле күнү “Дордой” менен “Алай” футбол командалары Оштогу спорт майданында ойношмокчу.

Республикалык чемпионаттын үчүнчү айлампасынын жыйынтыгы боюнча, “Дордой” командасы 7 упайга ээ болуп алдыга чыккан. Экинчи орунга 6 упай менен “Алга”, 5 упай менен “Нефтичи” үчүнчү орунга чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG