Бүгүн көл кылаасындагы Бостери айылында “Ысык-Көл-2011” деп аталган көргөзмө-жарманке өтүп жатат. Иш-чарага президент Роза Отунбаева катышып, сөз сүйлөдү.
Кабарчыбыздын маалымдашынча, мамлекет башчы өз сөзүндө Кыргызстан чет өлкөлүк саякатчыларга бардык шарттарды түзүп бере аларын көрсөтүшү керектигин, тейлөө жакшы болсо четтен келгендердин саны көбөйөрүн, быйыл туристтердин коопсуздугуна айрыкча көңүл буруларын айтты.
Көргөзмө-жарманкеге жергиликтүү ишкерлер менен катар эл аралык компаниялардын өкүлдөрү да катышууда. (EBM)