Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Мэр Мырзакматов Киммо Килюненге макул эмес


Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын корутундусуна жооп кайтарды. Мырзакматов тараткан билдирүүдө корутундуда былтыркы улуттар аралык жаңжалдын ички себептери жана негизги күнөөкөрлөрү так көрсөтүлүп берилген эмес деп айтылган. “Анда “кыргыз бандиттери” деген сөздүн жазылышы эки улутту кайрадан бири-бирине карама-каршы койгонго барабар жана кайсы бир тараптын кызыкчылыгын жогору койгону көрүнүп калды”, дейт Мырзакматов.

Июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссия ишинин корутундусун 3-майда жарыялаган. Комиссия төрагасы Киммо Килюнен июнь коогалаңы аскердик кылмыш же геноцид эмес деп билдирген. Бирок айрым жагдайларды адамга кыянатчылык кылуу деп баалоого болорун айткан. Кыргыз бийлиги комиссия берген сунуштарды ишке ашыруучу топ түзүлөрүн айтып, бирок корутундудагы айрым жерлерине каршы пикирлерин айткан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG