Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

Орусияда адвокат менен журналистти өлтүргөн улутчул өмүр бою түрмөгө кесилди


31 жаштагы Никита Тихонов 2009-жылы белгилүү адвокат Станислав Маркеловду жана кабарчы Анастасия Бабурованы атып өлттүргөн деп күнөөлөнгөн. Тихоновдун 26 жаштагы сүйлөшкөн кызы Евгения Хасис кылмышты ишке ашырууга жардам бергени үчүн 18 жылга эркинен ажыратылды. Прокурор сотто билдиргендей, Тихонов менен Хасис мыйзамсыз эл аралык уюм менен байланышта болгон. Эки айыпталуучу тең сотто өз күнөөсүн мойнуна алуудан баш тартышты.

XS
SM
MD
LG