Жаштар иштери боюнча министрлик “Үй-бүлө - коомдун өзөгү” деп аталган долбоорду ишке киргизүүдө. Анын алкагында Бишкекте бүгүн "Дасмия" ресторанында үйлөнүү той өткөрүүгө чарк-чамасы жетпеген 20 түгөйдүн тойу өтүүдө.
Иш-чарага өлкө башчысы Роза Отунбаеванын да катышаары күтүлүүдө. Министрликтин өкүлү Нуржан Найзабекова түгөйлөр Бишкек шаарынан тандалып алынганын, эгер долбоор ийгиликтүү болсо жыл сайын өткөрүлүп турарын “Азаттыкка” билдирди. (EK)