Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Жалал-Абадда 300дөн ашуун малды сел алып кетти


Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кечээ күнү нөшөрлөп жааган жамгыр селге айланып, Кызыл-Туу айыл округунун Жол-Сай айылындагы 156 даана жандыкты суу алып кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Сел облустагы Кара-Суу айыл округунан дагы 180 баш кой-эчки, 3 жылкы жана 5 уйду агызып кеткен.

Учурда министрликтин алдында түзүлгөн жаныбарларды коргоо комиссиясы аймакта иликтөө иштерин жүргүзүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG