Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

КМШнын эл аралык спорт оюндарын өткөрүү маселеси талкууланды


Бүгүн президент Роза Отунбаева Эл аралык спорттук уюмдар конфедерациясынын президенти Борис Рогатинди кабыл алды.

Б.Рогатин өлкө башчысына Конфедерациянын учурдагы ишмердүүлүгү туурасында маалымат берди. Жолугушууда быйыл өтчү XI Эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарын өткөрүү маселелери туурасында сөз болду.

Жолугушууда 2012-жылы Чолпон-Атада КМШ өлкөлөрүнүн VIII Эл аралык спорттук оюндарын уюштуруунун чоо-жайы такталды. Өлкө башчысы "Жоокердик өнөр" бирикмесинин жетекчиси Алмазбек Касеновго КМШ оюндарынын уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө буйруктун долбоорун даярдоону тапшырды. Бул тууралуу прзиденттин басма сөз кызматы кабарлады. (EK)

XS
SM
MD
LG