Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:17

Кытай, Кыргызстан, Тажикстандын аскерлери чогуу машыкты


Кытай Кыргызстан жана Тажикстан менен чогуу аскерий машыгуу өткөрдү. Өкмөттүк Синхуа агенттигинин ишемби күнү кабарлашынча, машыгуу Кытайдын түндүк батыштагы Шинжаң уйгур провинциясында 6-майда өттү. Кытай жаңылыктар агенттиги ырасмий булактарга шилтеп, машыгууда аскерлер чек аранын Кытай тарабында террордук база ачкан жикчилерге каршы бирге аракеттенүүнү үйрөнүшкөнүн кабарлады.

Кытай 2006-жылы Казакстан менен да ушундай машыгуу өткөргөн.
Кытай акыркы жылдары өлкө батышындагы мусулман жикчилерин жок кылуу үчүн коңшу Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташып жүрөт. Шинжаңдын 20 миллион калкынын 40 пайызга жакыны уйгурлар.

XS
SM
MD
LG