Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Анголадагы кыргыздарга эл аралык уюмдар жардам көрсөтөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Р.Дырылдаев билдирди. Укук коргоочу Анголага жумуш издеп барып, алданып, ал жерде калып калган кыргыздарды мекенине кайтаруу боюнча келе жаткан дүйшөмбүдө Ангола өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр өткөрөт. Р.Дырылдаев "адам сатууга каршы эл аралык уюмдар да бул окуя боюнча өз жардамдарын берүү ниетин билдирүүдө" дейт.

“Азаттык” апрель айында Бишкeктин Ала-Тоо конушундагы Алымбай Нусупов аттуу адам аркылуу Африка өлкөсүнө иштегени барып, бирок эмгек акыларын ала албай, мекенине кайта албай калган кыргыздар тууралуу биринчилерден болуп маалымат тараткан. (EK)

XS
SM
MD
LG