Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Аба ырайы: сел коркунучу бар


8-майдагы жаанга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү ыктымал.

9-10-май күндөрү Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Ысык-Көл менен Нарындын дыйканчылык аймактарында, Чүйдүн тоо этектеринде, Алай, Базар-Коргон, Аксы жана Лейлек райондорунун айрым жерлеринде абанын температурасы -2 градуска түшүп үшүк жүрөт. Мындай үшүк жаңы өнгөн мөмө-чөмөлүү өсүмдүктөргө, жашылча-жемишке зыян алып келиши мүмкүн.

9-майда Кыргызстанда өткүн өтөт, тоо этектеринде жаан карга айланат. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 14, ал эми көл кылаасында 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17 градус жылуу. Талас облусунда түнкүсүн 1…6, кээ бир жерлерде 0...-2 градус болуп үшүк жүрөт, күндүз 12…17 градус жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18 градус жылуу. Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, кээ бир жерлерде 0...-2 градус болуп үшүк жүрөт, күндүз 12…17 градус жылуу. Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, айрым жерлерде 0...-2 градус болуп үшүк жүрөт, күндүз 12…17 градус жылуу.

Бишкекте 9-майда өткүн өтөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4... 6, күндүз 14... 16 градус жылуу болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG