Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:58

Сакеевага эки аптанын ичинде сот өкүмү угузулат


Жибек Сакеева, сүрөт качан тартылганы белгисиз.
Жибек Сакеева, сүрөт качан тартылганы белгисиз.
Акыйкатчы Турсунбек Акун Индонезияда маңзат менен кармалган кыргызстандык Жибек Сакеевага сот өкүмү эки аптанын ичинде чыгарыларын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын Малайзиядагы консулу Азамат Кайбалаев өткөн аптада Сакееванын сотуна катышып, анын таламын талашып сөз сүйлөдү. Сөзүндө кыргызстандык кыздын жаш экенин, бул кылмыш иштин бетин ачууда полиция менен тыгыз кызматташканын жүйө келтирди. Акыйкатчы Акундун билдиришинче, мамлекеттик айыптоочу Сакееваны 15 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат, ал эми жактоочулар 5 жылга кесүүнү өтүнүшүүдө.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 25-27-май күндөрү Индонезияга иш сапары менен барат. Ал жакта көтөрүлчү маселелердин бири Сакеева тууралуу болуп, аны Кыргызстанга кайтаруу аракети көрүлөрү буга чейин маалымдалган болчу.

Өткөн жылдын октябрь айында Индонезияда маңзат менен колго түшүп, азыр бөтөн жерде камакта сурак берип жаткан Сакееванын тагдырын “Азаттык” биринчи жазып чыккан жана азыр да көз жаздымга калтырбай ар тараптан иликтеп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG