Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:03
Кентукки Дерби мелдешинде биринчи келген “Жаныбарлар падышалыгы” деген күлүк ат 2, 2 миллион доллар байге алды.

Чабандес Жон Веласкес минген күлүк 2 чакырымдык жолдун акыркы бөлүгүндө алдыга озуп чыкты.

АКШнын түштүгүндөгү Луисвилле шаарында өтчү жарыш - дүйнөдөгү эң ири ат жарыштардын бири саналат. Ишемби күнү 137-ирет өткөн мелдешти көргөнгө 150 миңдей адам келди. Кентукки Дерби мелдеши АКШнын атактуу “Үч таажы” деп аталган үч этаптан турчу ат жарышындагы мелдештин биринчиси.
XS
SM
MD
LG