Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Италияга дагы 400 ливиялык качып келди


Бүгүн, 8-майда таң эртелеп Италиянын Лампедуса аралына кемеде келаткан 400дөй ливиялык куткарылды. Ырасмий билдирилгенге караганда, кемедеги качкындардын айрымдары чөгөт экенбиз деп, боюн деңизге таштаган. Полиция кемедеги бардык адамдар аман-эсен экенин, бир нече адам гана жарадар болгонун кабарлады. Төрт айдай мурда Тунисте, андан кийин Ливияда өкмөткө каршы чыгуулар башталгандан бери Италиянын түштүгүндөгү топудай аралга Түндүк Африкадан он миңдеген мигранттар качып келди.

XS
SM
MD
LG