Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Абботабаддагы үй - бин Ладендин "ал-Кайиданы" көзөмөлдөөчү борбору


АКШ бийликтеринин айтымында, Усама бин Ладен Пакистандагы жабытынан “ал-Кайиданы” стратегиялык жактан көзөмөлдөп турган. Бин Ладен өлтүрүлгөн Абботабаддагы үй террордук уюмду көзөмөлдөөчү борбор экенин ал жерден табылган далилдер күбөлөйт.

АКШ жаңы жарыялаган тасмада "ал-Кайиданын" ана башы сыналгыдан террорчулукка чакырган өзүнүн сөздөрүн угууда. Бирок абботабаддыктар бин Ладен алардын шаарында жашаганына ишенишпейт:

Окуяны ийне-жибине чейин изилдеп чыгуу керек. Америка Усама кандай өлтүрүлгөнүн жарыяласын. Аларда болсо, жаңы тасмаларын көрсөтүшсүн. Усама Абботабадда өлтүрүлгөнүнө адамдар ишенүүсү үчүн аны өлтүрүп жаткандагы жана жасатынын тасмасын жарыялашсын”, - дейт Юнус Мухаммед деген жигит "Ройтерс" агенттигине.

XS
SM
MD
LG