Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Кандагарда талиптердин мизи мокотулду


НАТО жана Ооган жетекчилиги Кандагарда талиптердин чоң чабуулунун мизи кайтарылганын айтышууда. 7-майда согушчандар, анын ичинде беш жанкечти Кандагардагы губернатордун, шаар башчысынын, чалгындоо кызматтарынын кеңселерине жана полицияканаларга кол салышкан. Башка жанкечтилер бутага жетпей токтотулган.

НАТОнун билдиришинче, талиптер бир да имаратты ала алган эмес. Урушта бир полициячы, бир жаран жана алты согушчан курман болуп, 20 киши жараат алган. Ооганстандагы коалициялык күчтөрдүн өкүлү, АКШ генералы Жеймс Ластердин айтышынча, кол салуу талиптердин жазгы чабуулунун үлгүлүүсү болот деп мерчемделгени талашсыз.

XS
SM
MD
LG