Египетте жаатташып тирешүүдө тогуз киши набыт болду. 7-майда шамдан кийин Каирдин батыш бөлүгүндө мусулмандар менен тарса-христиандар мушташып, кеминде 9 кишинин каны төгүлдү. Кагылышта бир чиркөө өрттөлгөнү маалымдалды.
Кандуу калаба салафилердин тобу мусулман динин кабыл алган христиан кыз күч менен кармалууда деген чиркөөнү камоого алып, кызды бошотууну талап кылгандан улам башталган. Береги сөз жалган болуп чыкты. Бул февралда Хосни Мубарак президенттиктен кулатылгандан берки эң чоң коогалаң болду. Диний араздашууга байланыштуу 190 киши сот жообуна тартыларын аскерий жетекчилик билдирди.
Тополоңго байланыштуу Египеттин премьер-министри Перс булуңундагы мамлекеттерге болчу ырасмий сапарын токтотту.
Египет калкынын 10 пайызы копт христиандары.