8-майдагы шайлоо өлкөдөгү эки жылдан берки саясий кризиске чекит койот деген үмүт чоң. Ордолуу Тирананын атын атабаган жашоочусу добуш бергенден кийин "Ройтерс" агенттигине: "Албания жашасын, демократия жашасын, жаштар гүлдөп өнсүн”,-деди.
5-майда Тиранада унаага коюлган бомба жарылган. Бомба чабуулу талапкерлер ортосундагы ок атышуулар, бирин бири үркүтүүлөр жана жаңжал-чатактардын акыркысы болду.
Бардык шайлооканаларды полиция күзөтүүдө. Шайлоого жергиликтүү жана эл аралык 2 миң байкоочу көз салууда.
2009-жылкы парламенттик шайлоодон бери Албания саясий кризисте.