Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

"Ал-Кайида" бин Ладенди алмаштырчу адамды таппай жатат


АКШ бийликтеринин айтышынча, Усама бин Ладен Пакистандагы түнөк жайынан “ал-Кайиданы” көзөмөлдөп турган жана “ал-Кайидага” аны алмаштырчу адамды табуу өтө кыйын болот.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Том Донилондун Эн-Би-Си телеканалын Meet The Press берүүсүндө айтканына караганда, “ал-Кайиданын” номур экинчи адамы саналган египеттик хирург Айман Завахири “бин Ладендин түнөк жайына жакын эч жерде жок”. Донилон ошондой эле Пакистандын бин Ладендин кайда жашынганын билгени жөнүндө далилдер жок, бирок ага жардамдашкан система иликтениш керек деди.

Бин Ладен 2-майда Исламабаддан 60 чакырымдай жердеги Абботадабад шаарындагы үйдө америкалык атайын күчтөр өткөргөн операция маалында жок кылынган.

XS
SM
MD
LG