Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:43

Бахрейнде чукул кырдаал абалы 1-июлда токтойт


Бахрейн падышасы Хамад 1-июндан тарта, өлкөдө чукул кырдаал абалы токтотулсун деп буйруду. Өзгөчө кырдаал 15-мартта жарыяланып, Бахрейндин куралдуу күчтөрүнүн командачысына “өлкөнүн жана букаралардын коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө” укук берилген. Жарлыкта бейкуттукту сактоо үчүн “башка күчтөр колдонулса” болору да айтылган. Ага жамынып, Саудия менен Бириккен Араб Эмирлигинин жардамы менен февралда демократиячыл реформаларга чакырган козголоң басылган.

8-майда эртең менен Бахрейндин аскерий прокурору оппозициянын 21 мүчөсүн "бийликти төңкөрүүгө аракет кылды" деп айыптады. Азыр 14 оппозиционер, анын ичинде шиит көпчүлүгүнүн бир нече таанымал саясатчысы камакта. Калган жетөө сыртынан соттолду.

XS
SM
MD
LG