Бул тууралуу “Таза табигат” уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, коомдук угуу Бишкектеги Октябрь акимчилигинин имаратында 11-майда өтмөкчү. Ага шаар мэриясынан, жарандык коомдун өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары катышат.
Улуттук биологиялык лаборатория куруу аракети Канада өкмөтүнүн Глобалдык өнөктөштүк программасынын алкагында ишке ашырылууда. Бул лабораториянын курулушун 2011-жылы баштап, 2013-жылы бүткөрүү пландалууда. Долбоорго ылайык, лаборатория Бишкектеги Ботаникалык бактын аймагында жайгашууга тийиш. Ал жерден 4 гектар жер бөлүнүп берилген. Жергиликтүү микробиологдор Кыргызстанга мындай биолабораториялар зарыл экенин айтып чыгышкан.
Буга чейин жарандык коомдун айрым өкүлдөрү биолабораториянын аталган аймакка курулушуна каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Дауталиева учурда биолаборатория курууга каршы беш миңге чукул кол топтолгонун белгилөөдө. Эл аралык тажрыйбада мындай жайлар ай-талаада, ээн жерлерде курулат. (КЕ)