Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Таласта мөндүр алып келген чыгымдар эсептелүүдө


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов “Азаттыкка” бүгүн билдирди. 7-майда Талас облусунун Манас районунда мөндүр аралаш жаан жаап, бир канча гектар айдоо аянттарын бүлгүнгө учураткан. Учурда анын кесепеттерин министрликтин Таластагы башкармалыгы жана аталган райондун тиешелүү органдары эсептөөдө.

Кыргызстанда 5-майдан бери бир катар аймактарда маал-маалы менен нөшөрлөп жаан жаап жатат. Аба ырайын маалымдоочу борбор 10-майга дейре өлкөдө кээ бир аймактарда сел жүрүп, кыян капташы жана кар жаап, үшүк жүрүшү ыктымал экенин эскерткен болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG