Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Аба ырайы: үшүк жүрүшү күтүлөт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 10-майда Талас, Кемин өрөөнүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, тоо этектеринде айрым жерлерде абанын температурасы 0…-2 градус болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жаңы өнгөн мөмө-чөмөлүү өсүмдүктөргө, жашылча-жемишке зыян алып келиши мүмкүн.

10-майда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолорго кар түшөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көлдө 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18 градус жылуу. Талас облусунда түнкүсүн 1…6, кээ бир жерлерде 0...-2 градус болуп үшүк жүрөт, күндүз 11…16 градус жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24 градус жылуу. Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, кээ бир жерлерде 0...-2 градус болуп үшүк жүрөт, күндүз 15…20 градус жылуу. Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0...-2 градус болуп үшүк жүрөт, күндүз 15…20 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -5...-10 градус суук, күндүз -2...+3 градус жылуу болот.

Бишкекте 10-майда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5... 7, күндүз 15... 17 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG