Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Кыргызстанга НАТОнун өкүлү келди


Кыргызстанга бир күндүк иш сапары менен НАТОнун Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү Жеймс Аппатурай келгендигин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” тастыктады. Маалыматка ылайык, НАТО өкүлүн Роза Отунбаева жана Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков кабыл алып, эки тараптуу жолугушуу болот. Ошондой эле Аппатурай эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө арналган “НАТО-Кыргызстан” деген аталыштагы тегерек үстөл талкуусуна катышмакчы. Бейрасмий маалыматтар боюнча, Аппатурайдын Кыргызстандан кийинки иш сапары Ташкенде уланат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG