Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Кыргыз сомуна 18 жыл толду


Бүгүн кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилген күнү. Мурдагы Совет биримдигиндеги республикалардын ичинен Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болуп бөлүнгөндөн кийин, КМШда биринчилерден болуп 1993-жылы 10-майда өзүнүн улуттук валютасын - сомду жүгүртүүгө киргизген. Ошол учурда Кыргызстан гиперинфляцияга учурабай, экономикалык өз алдынчалыгын сактап, көз карандысыз акча-кредит саясатын жүргүзө алган. 1997-жылы, 2002-жылдары эки ирет сомдун коргонуу белгилери күчтөндүрүлгөн. 200, 500, 1000 сомдук банкноттор жүгүртүүгө 2000-жылы киргизилген. Өткөн жылдан баштап 5000 сомдук банкнот жүгүртүүгө киргизилди.

1993-жылы 1 сомдун наркы 25 АКШ центине барабар болсо, ушул тапта сомдун АКШ долларына карата катышы 46 сомдон ашуун болууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG