Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:49

“Ар-намыстын” үч депутаты коалицияга кошулганы айтылууда


Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Ар-намыс” фракциясынан үч депутат коалициялык көпчүлүккө кошулуу чечимине келгенин “Азаттыкка” билдирди. Жергиликтүү маалымат булактары беш арнамысчы депутаттын коалицияга кошулганын жазып чыккан. Ал эми фракциянын башка депутаттары бул маалыматты четке кагышууда.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев 4-майда Коомдук телерадио корпорациясына курган маегинде Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Ар-намыс” фракциясы жакында толугу менен коалициялык көпчүлүккө кириши ыктымал экенин билдирген. 20-апрелдин кечинде фракциянын лидери Феликс Кулов өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кеңири коалиция түзүүнүн жолдорун сунуштаган.

15-апрелде 10 “арнамысчы” депутат коалициялык көпчүлүккө кире турганын жарыялаган. “Ар-намыс” фракция жыйын куруп, бул кадамды мыйзамсыз жана акыл-эске сыйбайт деп баалаган болчу. Ал эми фракциянын коалицияга толугу менен кошулуу маселеси ушул аптада талкууланышы мүмкүн экени айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG