Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тапта ар кайсы фракциядан тогуз депутат Германия парламентинин тажрыйбасын үйрөнүүдө. Беш күндүк иш сапардын алкагында парламенттер аралык байланышты жакшыртуу, мыйзамдардын кабыл алуу системалары, коалициянын куралышы тууралуу маалыматтар менен таанышат. Ушул маселелерге байланыштуу бир катар мамлекет жетекчилери менен жолугушуу пландалган. Депутаттардын мындан аркы иш сапары Францияда уланат. (КЕ)