Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Ажылык сапарга байланыштуу иш сотко жөнөтүлдү


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ажылык зыяратты уюштурууда кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдаланган, жасалма документтерди жасоо, даярдоо, сатуу жана мөөрлөр менен кагаздарды жасап шугулданган деген фактыларды иликтеп, сотко жөнөттү. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2010-жылдын 6-ноябрында “Манас” аба майданында ажыга барууга уруксат берген 139 визаны алып чыгып бараткан жеринен ирандык жаран кармалып, бул боюнча УКМК кылмыш ишин козгогон. Ажылык сапарын уюштуруу иштерине байланыштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин мурдагы орун басары менен чогуу дагы төрт киши кылмыш жоопкерчилигине тартылып, үй камагына чыгарылган болчу. Ажылык сапарды уюштуруу иштеринде коррупцияны азайтуу үчүн аны муфтиятка берүүнү депутаттар колдогон.

Мындан тышкары Бишкектеги Октябрь райондук соту ажылык сапарына байланыштуу ишти кароодо. Президенттик аппараттын башчысы Эмил Каптагаевдин баласы Кубанычбек Каптагаев аны ажылык сапарды уюштуруу иштериндеги коррупцияга аралашкан деп айыптаган Бакыт Нурдиновду сотко берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG