Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Кыргызстанга НАТОнун өкүлчүлүгү ачылышы мүмкүн


Буга байланыштуу келишимди ратификациялоону Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу боюнча комитети бүгүн колдоду. Коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов бул келишим НАТО менен Кыргызстандын кызматташтыгын арттыруу, өз ара байланышты жакшыртуу максатында “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасынын” алкагында макулдашылганын комитет жыйынында билдирди. Эгер парламент келишимди колдоп берсе, Кыргызстанга НАТОнун өкүлчүлүгү ачылат. Азыр анын өкүлчүлүгү Казакстанда жайгашкан.

Ушул тапта Кыргызстанда бир күндүк иш сапары менен НАТОнун Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү Жеймс Аппатурай жүрөт. Аны бүгүн президент Роза Отунбаева кабыл алды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG