Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

БУУ каддафичилер менен козголоңчуларды тыныгууга чакырды


Улуттар Уюмунун гуманитардык жардамдар боюнча координатору Валери Амос Ливиядагы каршылашкан тараптарды урушта тыныгуу жарыялоого үндөдү. Амос айымдын БУУнун Коопсуздук Кеңешинде айтышынча, тыныгуу камоодогу Мисрата шаарынын калкына азык-түлүк жеткирүү үчүн зарыл:

- Гуманитардык агенттиктерди уруш жүрүп жаткан аймактардагы элдин тагдыры аябай тынчсыздандырууда. Согуштун алдыңкы чеги болгон Мисартанын кээ бир бөлүктөрү эки айдан бери аткыланып, согуш жүрүүдө. Азык-түлүк бар, бирок айрым адамдар тамак-ашка, сууга жана башка керектүү заттарга муктаж.

Валери Амос бардык тараптарды эл аралык мыйзамдарды сыйлоого да чакырды. Күбөлөрдүн айтышынча, НАТО өткөн түнү Ливиянын байтакты Триполидеги Муаммар Каддафинин резиденциясын ракетадан бир нече жолу аткылаган. Триполиге 1-майда урулган НАТОнун авиачабулунан Каддафинин уулу жана үч небереси курман болгон.

XS
SM
MD
LG