Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Сирия БУУнун миссиясын коогалаңдуу аймактарга киргизбеди


Сирия өлкө түштүгүндөгү Дераа шаарына Улуттар Уюмунун өкүлдөрүн киргизбей койду. БУУ абал менен таанышуу үчүн анти-өкмөттүк козголоң айоосуз басылган Дераа жана башка шаарларга өз миссиясын жөнөткөнү жаткан. Улуттар Уюму бул боюнча Сириянын түшүндүрмө берүүсүн талап кылды. Себеби, БУУнун өкүлү Фрахан Хактын билдиришинче, президент Башар Ассад өткөн жумада БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун менен кездешкенде, эл аралык миссиянын келүүсүнө макул болгон.

Соңку кабарларга караганда, сириялык аскерлер Хомс шаарын камоону күчөтүүдө жана снайперлер көчөдө көрүнгөн оппозициячыларды бутага алууда. Мартта Сирияда анти-өкмөттүк козголоң башталгандан бери коопсуздук күчтөрүнүн колунан кеминде 800 адам набыт болгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG