Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:24

“Microsoft” “Skype” компаниясын кошуп алат


“Microsoft” компаниясы “Skype” Интернет телефон системасын сатып алганы жатат. “The Wall Street Journal” гезити 10-майда жазышынча, компьютердик программаларды даярдоочу “Microsoft” компаниясы Люксембургда жайгашкан “Skype” үчүн 8,5 миллиард доллар төлөйт. Бул боюнча “Microsoft” жана “Skype” комментарий бере элек. “Skype” системасына кошулган адамдар Интернет аркылуу аудио жана видео форматында байланыша алат. Анын жарым миллиардан көп кардарлары чөнтөк жана кабелдик телефон байланышын арзан баада колдонушат. “Microsoft” февралда эле чөнтөк телефондорун жасоочу дүйнөдөгү эң чоң “Nokia” компаниясы менен бириккен. Алардын смартфон технолгиясы тармагындагы атаандаштары “Google” менен “Apple” компаниялары.

XS
SM
MD
LG