Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

Жалал-Абадда Кадыржан Батыровдун соту болот


Бүгүн Жалал-Абад шаардык соту Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, облустагы өзбек улуттук-маданий борборунун башчысы Кадыржан Батыровдун ишин карайт. Батыров издөөдө болгондуктан сыртынан соттолуп, өкүм чыгарылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад шаардык соттун төрагасы Кадыралы Жапакбаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин соттук териштирүү жактоочулар да, жабырлануучулар да келбей койгондуктан бүгүнкү күнгө жылган.

Башкы прокуратура тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө Батыровдун күнөөсү далилденди, деп билдирген. Ал былтыркы түштүктөгү коогалуу окуялардын уюштуруучусу катары айыпталып жатат.

Июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен 3-майда корутундуну жарыялап жатып "Батыров жикчилдикке чакырып, өзбектер үчүн автономия сураган эмес" деп билдирген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG